У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийлик Солтон-Сарынын алтын кенин күчкө салып каздырганы жатабы?


“Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү С Ашимбаев, Солтон-Сары маселеси боюнча Миң- Булак айылына барып, Ормон Опуза кылып кетти”- деп жазат Турдубек Чомураев фейсбук баракчасына.

Кыргызстандын Кытайга карызы көп. Ал карыздан кутулуш үчүн Солтон-Сарыны иштетиш керек. Каршы болгондор, элди уюштургандар жазаланат дейт.( Айрыкча мага тиш кайрап кетиптир, бир топ кермур айтышып кеткенбиз. Корко турган киши жок) Ал ким? Сот, прокурорбу? Каматыш керек дегенге укугу барбы? Же ушинтип опулдап койсом, эл коркуп калат деп ойлойбу? Эл менен сылык сүйлөшүш керек эле го. Солтон-Сарыны күчкө салып иштетишкен күндө да, жергиликтүү эл менен инвесторлордун ортосундагы мамиле, мурдагыдай эле жаман болоорун түшүнүшпөйбү?


СОЛТОН-САРЫНЫН алтынын Кытайларга берсе эле, карыздан кутулуп кетмек белек. Алар болгону налог төлөйт. Жергиликтүү элден жумушчу алат. Анан соцпакет демиш болуп, бир эки айылга жарыбаган жардам берет. Бирок инвестор сөрөйлөр жайлоолорду талкалап, экологияга олчойгон зыян келтирээри айдан ачык. Анысы аз келгенсип, өзүбүзгө өзүбүздүн алтынды каздырып алып баса берет. Акыры түбү мөңгүлөр эрип, суулар азайып, жайлоонун кебетеси кетээрин элдин көбү жакшы билет. Анткени СОЛТОН-САРЫНЫН алтынын казабыз деп ЖОНЖИ МАЙНИНГ эле эмес ЭГИЗ ТӨР , МАНАС ресурсу компаниялары да чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат.Анын баары жабалактап каза баштаса, жайлоолордун эмнеси калат? Ошондуктан ПРЕЗИДЕНТ С ЖАПАРОВ баш болуп ойлонолу туугандар! КЕРЕМЕТТҮҮ ЖАЙЛООБУЗ СОЛТОН-САРЫНЫН ЗАПКЫ ТАРТЫШЫНА БҮТ РАЙОНДУН ТУРГУНДАРЫ КАРШЫ! КЕРЕК БОЛСО ЖАЛПЫ КЫРГЫЗСТАН ЭЛИ КАРШЫ БОЛУШУ МҮМКҮН!




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter