У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сыймык Жапыкеев Кемпир-Абад боюнча кандай ойдосуз?


Октябрь революциясына чейин ашканда отуруп алып, тоону томкоруп, ойду омкоруп эл-жер дегенде жанын берчүдөй алкынып сүйлөгөн Сыймык Жапыкеев дегендин бүгүнкү күндө дайыны жок. Ысык-Көл облусуна прокурор болуп кеткен бойдон, кумга сиӊген суудай ыӊ-жыӊы билинбей калды.

Көрсө, кыйкырыгы башынан ашкандарга кызмат эле керек экен. Кызмат берип койсо болду, кызарган жерди чокуп, телегейи тегиз болуп, эл-жериӊ менен иши жок манчыркап отура беришет тура. 

Бийлик алмашканда Финполду жетектеп, эч жыйынтык көргөзгөн жок. Натыйжада жоюлуп кеткен Финполдун генералы болду. Эл «ашкана генералы» деп шакаба чегип мыйыгынан күлүштү. Уялган да, намыстанган да жок. 

Айткандай, Финпол жоюлуп жатканда, «булар болбой калышты, тескери жолго түшүштү» деп өктөө кылып, фейсбукта пайда боло калды, «элим кандай кылабыз» дегенди айтып. Анан Ысык-Көлгө прокурор болуп кетип дымыды. Эл, суу, жер түшүнө кирбей калды. 

Дегенибиз, эгер «ашкана генералы» азыр кызматсыз жүргөндө Өзбекстанга кетип жактан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чыркырап жаткан жергиликтүү элге жетип барып, «жер-суудан өткөн ыйык жок, бул туура эмес болду» деп айкырып турмак. Тилекке каршы, азыр кызматы бар. Башы да оорубайт. 

Биздин аткаминерлердин табияты ушул, эл-жер деген айкырыгы кызматка жеткенче эле… 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter