У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


НДПК партиясы шайлоодон четтетилди


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен НДПК партиясы шайлоодон четтетилди. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-апрелдеги шаардык кеңешке болгон шайлоодо Кыргызстан элдик демократиялык партиясы тарабынан добуш сатып алуу аракеттери аныкталганына байланыштуу чыгарды. 
 
Эске салсак, 11-апрелде Айбек аттуу адам аталган партияга добуш бергендерге 100 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.  Ошол эле күнү Ю.Берналиев менен Э.Абдыкадыров №29 мектептин жанынан кармалган. Алардын бири Биринчи Май РИИБдин кызматкерлерине 2 миң сомдон акча берген, Берналиевден 18799 сом акча алынганы туурасында айтылган.
 
 НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулардын көп добушуна ээ болуп, 8 мандатка ээ болгон. Партиянын жетекчиси- Артур Медетбеков. Партияны шайлоо учурунда мурдагы мэр Азиз Суракматов каржылаганы айтылган


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter