У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уу коргошун ичип дарыланган биринчи бейтап ооруканага түштү


 Борбор калаадагы №10 кичи районунун тургуну бүгүн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан сунушталган уу коргошундун кайнатмасын ичкенден кийин ооруп, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу профессор, медицина илимдеринин доктору, КРСУнун Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Аида Зурдинова Facebook баракчасына жарыялады.
 
«Бир күн өткөн жок. Мага саат 14.00дө мессенджер аркылуу бир адам тез жардам кызматында иштеген тааныш дарыгерине жардам сурап кайрылды деген билдирүү келди. Бейтап 10-кичирайондо жашайт. Дарыгер тез арада дагы башка дарыгерди ээрчитип, жардам сурап кайрылган адамдын батирине барган. Алар батирге киргенде бүгүн жарнама болгон уу коргошундун кайнатмасы куюлган бир бөтөлкө суюктукту көрүшкөн. Бейтапта жүрөк ритминин бузулушу, курч респиратордук жетишсиздиктин белгилери бар болгон. Дарыгерлер ага ийне сайып, Тез жардамды чакырышкан. 
 
Ошол эле учурда, бейтап уу коргошундун кайнатмасынан жарым стакан ичкенин көрсөткөн. Алар бейтапты токсикологияга алып барышты, аны сактап калышат деп үмүттөнөбүз. Бул ойлонулбай берилген маалыматтын натыйжасы… Эми буга ким жооп берет? Бейтап бул бөтөлкөдөгү кайнатманы кайдан алганын жана ким ич деп жазып бергенин табыш керек!», -деп жазган ал. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter