У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыгарылды


 «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын баш коргоо чарасы 2-мартта өзгөртүлгөнү такталды. Дүйшөн Ирсалиев саат 22.00дөн 6.00гө чейин үйдөн чыкпашы керек. Профилактикалык иш-чара 6-майга чейин күчүндө болот.
 
Эске салсак, Дүйшөн Ирсалиев январь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору каражаттарды алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter