«Фарватер» ЖЧКсы коммерциялык сунуштардын талаптарын жана келишимдерин одоно бузуп, мамлкетке 5 млн 175 миң 200 сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 5-февралдагы маалымат жыйында билдирди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, толук маалымат берүүгө жол берилбей турганын айтты.