У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назира Айтбекова: «Бука жагып калса, жибин үздүрө көз сүзгөндү мыкты билген “симпотичный” кунаажынмын!»


- Уй жылы уулум жарыкка келген, мен төрөлгөм. Экөөбүздүн мүчөлү жылыбыз. Мүнөзүбүз кандай? Акыйкаттык болбосо чыр салып, чырылдап жиберебиз. Башкаларга бар - жогун чачып берген берешендигибиз бар. Ак санап, арамдыгы жок жүрөбүз. Тынчпыз. Нервибизге тийген адамга сабырыбыз бар, бирок чектен ашып кетсе, ыргыта сүзөбүз.

Жайдарыбыз. Жайдын күнүндөй жашоого жайдары карайбыз. Бирок мезгил мезгили менен күн бүркөлүп, бүркөлмөк түгүл түнөрүп, чагылган чартылдап, нөшөр көз ачырбай куят! Бирок көп болсо жарым саатка созулат! Бат эле күн чайыттай чыгып, жанагынын бири жок жаркырап чыга келебиз.

Эмгекчилбиз. Ак эмгекти жактырабыз. Мөөрөгөндү, ой, көп сүйлөгөн жагынан жакшыбыз. Баса, бука жагып калса, жибин үздүрө көз сүзгөндү мыкты билген “симпотичный” кунаажынмын! Буканын баары эле жага бербейт. Тегирменден бүкүлү чыгышы кыйын.

Шаан - шөкөттү жактырбайбыз. Тынчтыкты жакшы көрөбүз. Кээде эле сайгактап кетмей жайыбыз бар. Жакындарыбызга үйрүлүп түшөбүз. 2021 - жыл биздин мүнөздөй болсо, сонун эле жыл болот. Өлө “скромнаямын” да! Байкадыңар да ээ? Эң башкысы, достор, акыйкаттык орногон жыл болот! Токчулук болот! Эмгекчилдерди сүйгөн жыл болот! Арамдыгы, наадандыгы бар, котур ташы койнундагыларды ыргыта сүзгөн жыл болот!

Назира Айтбекованын Фейсбук баракчасынан алынды...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter