Россиянын сайтында Кыргызстандагы Мазар-Ашуу алтын кени сатыкка коюлду
- 22.12.2020, 16:32,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын Avito сайтында белгисиз адам Кыргызстанда жайгашкан Мазар-Ашуу алтын-жез кенин издөө жана чалгындоо боюнча инвестициялык келишимдин 25% акциясын сатыкка койду.
Сатуучу инвестициялык келишимдеги үлүштү 100 миллион рублга, же 1,4 миллион долларга баалады. Жарыянын ээси 25% акция базар баасы боюнча төрт эсе кымбат экенин айтты (көз карандысыз баалоо отчетуна ылайык, ал 477 миллион рубль).
Мазар-Ашуу кени Чоңкайынды аймагында жайгашкан. Алтындын болжолдуу запасы 180 тоннаны түзөт.