У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев жасалма документ, криминалга аралашканы үчүн кармалды


Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев жасалма паспорт менен ишке орношуп, кылмышын жашырган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

"Аты-жөнү Сулайманов Кылыч Асылбекович экени аныкталды. Ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон. Мурда Кылыч Сулайманов карактоо беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраак айтканда, Ош шаардык соту 2006-жылы аны күнөөлүү деп таап бир жылга шарттуу түрдө кескен. Сулайманов бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын Саркарбаев деп өзгөртүп, жасалма документтердин негизинде жалпы жарандык паспорт алган", — деп айтылат маалыматта.

Мындай жалган документтин негизинде ал Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп дайындалганы белгиленет.
Бул иштер боюнча Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter