У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө абал маалында миңдеген элди топтогон Жапаров, Жээнбековду биринчи "экс-президент" деп мактады


Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып жүрөт. Кечээ 2-ноябрда Баткен шаарындагы эки миң орундуу стадиондо эл менен жолугушуу өткөрдү. Эл стадионго жык-жыйма чогулганына күбө болдук. Баткенде акыркы 1 айдан бери эпидемиологиялык абал кооптуу болуп, өлүм саны көбөйүүдө. Акыркы эки күндө эле облуста илдеттен төрт адам каза тапты.

Эл илдетке туруштук бере албай турган чакта, өлкөнүн башкы адамы болуп алып мыйзамды сыйлабай, Өзгөчө абал режимин бузуп,  миңдеген адамды топтоп жатканы көпчүлүккө жакпай турат.

Анын бул кадамы оору күч алып жатканына карабай элдин өмүрүн тобокелке салып кыдырып жүргөнү  президенттик шайлоого даярдык көрүү эмеспи деген суроону да жаратты.

Ал бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамы  «Өлкөдө 30 жылдан бери бир да “экс-президент” жок болгону үчүн берилди" деп айтты. 

«Эл президент кетсин деп, ага экс-президент макамын берүүгө да каршы болушту. Бирок мен баарын мойнума алып, экс-президент макамын бердим. Экөөнү кубалап жибердик, бирөөсүн түрмөгө тыктык. Муну да кубалап жиберсек же түрмөгө тыксак мындан кийин деле ушундай көрүнүш улана бербесин деп, атайылап ырым кылдык», — деди ал. 

Жапаровдун ушул сөзү да Жээнбековго болгон жагынуу катары бааланып, өз тарапташтары тарабынан терс пикирлер жаралууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter