У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: «Коррупция жок, биз баарын тазалап салганбыз»


Бажыда коррупция жок, биз баарын тазалап салганбыз. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Москва шаарында мигранттар менен болгон жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу “Репортёрго” орусиядагы мекендешибиз, ишкер Азамат Адылгазиев билдирген.
 
Азамат Адылгазиевдин айтканына караганда, жолугушуу 29-октябрь күнү Москва шаарындагы “Президент-отель” мейманканасында болгон. УКМКнын төрагасы Москвага эмне себеп менен барганын айткан эмес.
 
“Эмнеге келгенин билбедим. “Бажыда коррупция жок, азыр баарын тазалап салганбыз. Баарын камайбыз, каралар башкарып жатат деген жалган, азыр бүт жерде мыйзамдуулук орноду деди»-, деп билдирди Абдыгазиев. 
 
Ошондой эле ал жолугушууга келгендер көп деле суроо бербегенин, берилген суроолорго Ташиев үстүртөн эле, “карайбыз, чечилет, иштеп жатабыз” деп жооп бергенин, Москвага эмне максат менен келгенин, кимдер менен жолукканы тууралуу айтпаганын кошумчалап, жолугушууга атайын эле топ келсе керек деген оюн билдирген. 
 
Буга чейин УКМКны жетектеген адам чет өлкөгө барып мигранттар менен жолуккан көрүнүш болгон эмес, УКМКнын жетекчиси Ташиев биринчи жолу чет жердеги мигранттар менен жолугушту.   
 
Булак:reporter.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter