Былтыр 10 жылга соттолгон Дамирбек Асылбек уулу быйыл абактан чыкты
- 22.08.2020, 10:46,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Былтыр 10 жылга Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту тарабынан аткезчиликке байланыштуу айыпталып, эркинен ажыратылган Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына шилтеме берип, 24.кж басылмасы жарыялады.
Маалыматка ылайык, чечимди Жогорку Соттун Жазык иштери боюнча коллегиясы кабыл алган. Бирок, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген эмес.
"Анын кандай негизде бошотулгандыгы жана мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жөнүндө арызы берилген-берилбегени да белгисиз" деп жазат 24.кж.