У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Багы байланган КСДП, же ашыӊды ичейин кадырыӊа чычайын…


БШК Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДПны каттоодон баш тартты. Мындай чечимге КСДПнын дагы бир бөлүгүн убактылуу жетектеп жаткан Анвар Артыков, БШКга Сагынбек Абдрахманов жасалма документ тапшырганын айтып, каттоону жокко чыгарууну талап кылган арызы негиз болгон.  

Ошентип, бийлик максатына жетти. Кыргызстандын тарыхында эӊ узак тарыхы бар кубаттуу партияны Сагынбек Абдрахмановдун колу аркылуу талкалап салды. Мындай сценрий КСДПны Абдрахманов талашып баштаганда эле иштелип чыккан. Башкача айтканда, партияны экиге бөлүп-жарып, бири-бирине душман кылып, шайлоодо бири-бирине койгон доо аркылуу шайлоого катыштырбоо планы жүзөгө ашты. Ушундай болоорун буга дейре эле жазган элек. 

Кыргызда, ичкен кудугуӊа түкүрбө, бир жолу даам-тузун таткан жерге миӊ жолу салам бер дешет. Тилекке каршы, ашыӊды ичейин кадырыӊа чычайын болду. 

Дегенибиз, азыркы ажо Сооронбай Жээнбеков КСДП аркылуу губернатор, министр, премьер-министр, президенттике жетти. Иниси Асылбек Жээнбеков 3 жолу Жогорку Кеӊештин депутаты, эки жол спикер болду. Агасы Жусупжан Жээнбеков бир нече өлкөгө элчи болуп, ээрден түшпөй келе жатат. Атамбаевдин КСДП партиясынын үзүрүн, жемишин буларчалык эч ким көргөн эмес. Жыйынтыгы бул. 

Эми мындай көрүнүштү итчилик дейбизби, же чыккынчылык деп атайбызбы, болбосо саткынчылык катары баалайбызбы, айтор кандай ракурстан талдоо кылсак да жарашат. 

Бул бийлик Акаев, Бакиев, Атамбаев жасабаган жорукту жасады. Булардын түшүнө партияны тартып алат деген түшүнүк кирген эмес. Эми кимдир бирөө, бирөөнүн катынын «менин катыным болчу» деп тартып алса таӊ калбаш керек…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter