У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Премьер-министр Абылгазиевдин диплому жасалмабы?

  • 29.05.2020, 09:38,
  • ---
  • 0

Айбек Хакимов аттуу жаран өзүнүн фейсбук баракчасына премьер-министр Абылгазиевдин диплому жасалма экени туурасында шектенип жатканын жазды.

Бул туурасында ал: «Кызыкчылык үчүн премьер-министрдин биографиясын окуп, абдан кызыктуу фактыны таптым. Биографиясында көрсөтүлгөндөй Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин Экономика жана бизнес факультетин бүтүрүптүр.
1997-жылы болсо 1993-жылы ачылган окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү бүткөн. Мен ошол аталган окуу жайдын Экономика жана бизнес факультетине кабыл алынган алгачкы 60 студенттин арасында болчумун. Староста катары баарын аты-фамилиясынан бери билем. Абылгазиев студенттердин арасында болгон эмес. Мен бир нече курсташтарымдан тактап чыктым, алар дагы Абылгазиевди билишпейт экен. Ал кезде окуу жайдын сырттан окуу бөлүмү да болгон эмес.

Кызык, Абылгазиев КЭУ (МУК) дипломун кантип алган? Бирок, таӊ калыштын кереги жок, биздин өлкөдө баарысы мүмкүн», - деп жазды…

Айбек Хакимов АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери катары таанымал...


Aibek Hakimov
Ради интереса почитал биографию премьер-министра и нашел очень интересный факт.
В биографии указано, что Абылгазиев в 1997 году закончил факультет экономики и бизнеса Международного университета Кыргызстана.
В 1997 году был первый выпуск университета открывшегося в 1993 году.
Я был среди первых 60-ти студентов первого набора факультета экономики и бизнеса данного учебного заведения и помню всех поименно, так как был старостой. Абылгазиева среди студентов не было. Я уточнил у нескольких однокурсников, они тоже не помнят его. Заочного отделения тоже не было.
Интересно, как Абылгазиев получил диплом МУКа? Хотя чему удивляться, в нашей стране всё возможно.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter