У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандык үч балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду

 
Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери. Солдон оңго: Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг, күмүш), Адилхан Нурланбеков (72 кг, алтын) жана Аманат Самат уулу (67 кг, күмүш). 23-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болду.

23-июнда грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, таймаштар айлампа тартибинде өттү.

Алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) алды. Нурланбеков финалда өзбекстандык Жахонгир Хамроевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал финалга чейин казакстандык Кирил Минкону 9:0, индиялык Диипак Пунияны 5:1 жана түркмөнстандык Бегмурат Нобатовду 9:4 эсебинде уткан.

Алтын байге үчүн беттеште Акылбек Талантбеков дагы бир өзбекстандык Дилшод Омонгелдиев менен таймашып, 9:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен жеңди (12:0, 9:0, 8:0, 10).

Айлампа тартибиндеги беттештердин 3-раундунда Бексултан Назарбаев түркмөнстандык Тойлы Орозбаевди 9:0 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды. Назарбаев ага чейин казакстандык Рахат Сагымбайды 10:0, индиялык Рохит Дахияны 8:0 эсебинде уткан.

Андан сырткары Кыргызстандын эсебине күмүш байгелерди Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Данияр Шеримбеков (97 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) алып келди. Эртең күрөштүн бул түрүнөн үч салмакта таймаштар болот. Кыргызстандан Улан Муратбек уулу (55 кг), Эрмек Каныбек уулу (63 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) чыгат. Командалык эсепте азырынча Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курама командасы бул Азия чемпионатында 155 упай топтоп, 1-орунда бара жатат.

19-июнда башталган күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Эртең кыз-келиндер күрөшүнөн да таймаштар болот. Бул күнү Кыргызстандан Назик Мирлан кызы (50 кг), Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Сезим Жуманазарова (59 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) чыгат.

Эки курактагы балбандардын чемпионатына 21 мамлекеттен 600гө жакын спортчу келген. 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыздардын эркин күрөшүнөн таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.

Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат. 

Булак «Азаттык»


Пикир калтыруу
Временное решение денежных трудностей с помощью срочные займы через контакт без отказов. Или например с помощью микро займ за пять минут на карту. Тут есть много разных вариантов займов, как на небольшую сумму, так и приличную. Смотрите сами.Здесь воздушные шары с гелием с доставкой недорого москва предлагается множество шаров для праздника, в том числе и для дней рождения. Наодел черный экран, и надпись что ваша копия виндовс не является подлинной? Скачайте активатор windows, он решит проблему скачать windows loader для windows 7. Интересный сайт я нашел официальный сайт 1xbet мобильная версия скачать бесплатно посмотрите. Затеяли ремонт в квартире, то и входную дверь нужно поменять. А купить хорошую входную дверь сейчас не просто, поэтому предлагаю вам зайти на специальный сайт и самому посмотреть купить дверь металлическую входную б у. Только тут лучшие двери с установкой и доставкой. Смотрите так же взять займ на карту онлайн без отказа.
У вас есть автомобиль? Тогда вам обязательно потребуется полис осаго. Теперь его можно оформить онлайн, для этого сделан специальный сайт, заходите. электронный полис осаго аско купить онлайн
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter