Кыргызстандык беш балбан Азия чемпионатынын финалында күрөшөт
- 23.06.2022, 17:16,
- Спорт
- 3
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нурмухуммет Абдуллаев (60 кг). 23-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.Кыргызстандык беш балбан Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, балбандар айлампа тартибинде күрөшүп жатат. Түшкө чейинки таймаштардын жыйынтыгында кыргызстандыктар: Нурмухуммет Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) финалда күрөшмөй болду.
Бексултан Назарбаев финалда түркмөнстандык Тойлы Оразов менен беттешет. Калган кыргызстандык балбандардын финалдагы атаандаштарынын бардыгы өзбекстандыктар. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Ал эми кыргызстандык Эрлан Манатбеков (130 кг) менен Данияр Шеримбековдун (97 кг) коло байге алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Эртең кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар башталат.
Эки курактагы балбандардын чемпионатына 21 мамлекеттен 600гө жакын спортчу катышууда. 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат.
Булак "Азаттык"