У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекет бир күнү колдойт деп үмүттөнөм. Дарья Маслова спорттон кетет


Жөө күлүк Дарья Маслова чоң спорттон кетет. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.

Спортчунун айтымында, бул абдан оор чечим болгон: бирок профессионалдык карьерасына чекит коюуга убакыт келип жеткен.

«Профессионалдык спорт мага көп турмуштук тажрыйба берди; эӊ сонун эмоцияларды, кайраттуулукту, эл аралык мелдештердеги көптөгөн жеңиштерди жана улуттук рекорддорду жаратууга жол ачты. Албетте, кубаныч менен бирге кайгы, оору, көз жаш да коштолду. Ден соолугубуз кетти. Бирок, ошого карабастан, биздин күнөстүү Кыргызстандын тарыхына кичинекей салымымды кошконум үчүн абдан сыймыктанам», - деп жазган Дарья Маслова өз билдирүүсүндө.

Ал машыктыруучулары Виктор Борисов менен Татьяна Борисовага ыраазычылык билдирди.

"Мага бул спорт ааламынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн бергениңиздер үчүн рахмат. Жөнөкөй айылдык кыздан сиздер баатырды өстүрдүңүздөр жана менин экинчи ата -энем болуп калдыӊыздар», - деди спортчу.

Ал ошондой эле Кыргызстанда спортту колдоо, спортчуларды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого көбүрөөк убакыт жана көбүрөөк каражат жумшоо керектигин баса белгиледи.

«Жаӊы таланттарды ачууга, аларга көӊүл бурууга убакыт келип жетти. Бизде спорттун бардык түрүнөн эӊ мыкты деген көмүскөдө жаткан таланттар бар. Улуттук спорттун түрлөрү маанилүү, бирок башка спортту да унутпасаӊыздар! Бир күнү мамлекет өзүнүн баатырларын, республиканын патриотторун байкайт жана биз ала албаган тиешелүү колдоону көрсөтөт деп үмүт кылам», - деп кошумчалады Дарья Маслова.

Дарья Маслова - Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөсү. Спортчу 5000 метр аралыкта Жайкы Универсиададагы коло медалдын ээси (Кванжу-2015), жаштар арасында Азия чемпиону (Тайпей-2014) жана Азия чемпиондугунда коло байгеге (Ухань-2015) ээ болгон. 2017-жылы 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркап, Азия чемпионатында алтын тагынган. 2018-жылы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды алган. Андан кийин 2019-жылы Кытайда өткөн марафонду жана Белорусияда өткөн кубокту да жеңип алган. 202-жылы Ташкентте жана Душанбеде өткөн марафондордо дагы баш байгени берген эмес. Ал 2016-жылы Рио-Де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, 10 000 метр аралыкты 31 мүнөттө чуркап өтүп, 19-орунду ээлеген. Токио-2020 Олимпиадасында Дарья Маслова 36 орунга ээ болгон. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter