У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда жарандык жана санариптик билим берүү долбоору ишке кирди


 Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен КР Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу коом үчүн маанилүү “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди. Долбоордун уникалдуулугу аны ишке ашыруу моделинде - мамлекет бүткүл өлкө боюнча жайгашкан жана жабдылган 70 борбордун базасында кызыкдар тараптардын күч-аракетин жана потенциалын бириктирүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү, ал эми долбоордун өнөктөштөрү тутумдуу билим берүү жана маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ресурстарды бириктирди. Ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында 30дан ашык ири өнөктөш уюмдар долбоорго кошулду. Булар мамлекеттик органдар гана эмес, жарандык коом уюмдары, бизнес сектору, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө лидер болгон белгилүү жарандар.
 
Долбоор төмөнкүдөй бир нече негизги багыттардан турат: жарандык билим берүү, санариптик билим берүү, мамлекеттик санариптик кызматтарды көрсөтүүдө калкты колдоого алуу боюнча багыт жана тегерек столдорду, дебат клубдарын өткөрүү, ийгиликтүү эксперттер менен жолугушуулар үчүн жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча коммуникация аянтчасы (коворкинг). Билим берүү жана маалыматтык агартуу иштери ар кандай форматтарда (онлайн, оффлайн, шыктандыруучу жолугушуулар ж.б.) жүргүзүлөт.
 
Борборлордун иши жарандардын бардык категорияларына багытталган, анын ичинде улгайган адамдар, жаштар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын программалар бар. Долбоор жарандык жана санариптик чөйрөлөрдөгү кеңири темаларга, анын ичинде КР Президентинин жарлыктарын жана стратегиялык өнүктүрүү программаларын, атап айтканда, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн “Кыргыз жараны” концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында иш алып барууга багытталган. Улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүүнүн 2022-2027-жылдарга улуттук программасын ишке ашырууга ылайык, руханий, адеп-ахлак багыты дагы борборлордун ишинин маанилүү өңүтү болуп эсептелет. Программаларды ишке ашырууда заманбап демократиялык принциптер жана адам укуктарынын жана эркиндигинин жалпы адамзаттык баалуулуктары менен бирге, “Манас” эпосу боюнча элдин эң мыкты тарыхый салттары эске алынат.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун расмий ачылуусу долбоордун алгачкы өнөктөштөрүн чакыруу менен Бишкек шаарындагы борборлордун биринде болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөрүлүп жаткан билим берүү программаларынан түз байланыш уюштурулду. Түз байланыштардын биринде Борбордук Азиянын IT форумунун Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан Кыргызстандын IT делегациясы байланышка чыкты, ал жакта биздин мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, өлкөнүн IT тармагына инвестиция тартууда. Ошондой эле иш-чарада 20га жакын билим берүү жана агартуу программалары менен шыктандыруучу жолугушууларды (жарандык багыт жана санариптик багыт боюнча) камтыган борборлордун өнөктөштөр менен биринчи биргелешкен программасы көрсөтүлдү. Катышуучуларга «Манас» эпосу боюнча тартылган алгачкы видеороликтер да тартууланды.
 
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз билим берүү академиясы, УИАнын мамлекет жана укук институту, УИАнын А. Алтымышбаев атындагы философия институту, УИАнын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институту, КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академия, Озон борбору, Кыргызстан калкынын тарыхый жана маданий “Мурас” фонду, руханий маданиятты өнүктүрүүчү “Ыйман” фонду, КР Улуттук тарых музейи, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Борбор Азиядагы жаштардын IDEA дебат клубу, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы – жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу жарандык билим берүү боюнча долбоордун өнөктөштөрү болуп калды.
 
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, IT компаниялардын КАРПОУ бирикмеси жана IT академия, Жогорку технологиялар паркы, Электрондук соода ассоциациясы, Digital  академиясы, Кыргызстан банктарынын бирлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Digital CASA-КР” долбоору, Креативдүү индустриялар ассоциациясы, Jyldyz Academy жана Тимур Мон, Namba Group жана Аман Тентиев, КР Улуттук банкы, “Санарип 50+”, КР Киберспорт коомчулугу, “Альфа телеком” ЖАК санариптик билим берүү долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат.
 
Долбоордун эл аралык өнөктөштөрү – Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы, “БУУ – аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.
 
Долбоор КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун мамлекеттик сектордогу негизги өнөктөштөрү болуп эсептелет.
 
Долбоор жаңы программаларды түзүү жана аларды тутумдуу ишке ашыруу аркылуу акырындык менен өнүгүп, ошондой эле өнөктөштөрдүн өлкөдөгү тармактары аркылуу эң алыскы райондордо жана айылдарда борборлордун саны көбөйө берет.
 
Билим берүү жана заманбап Кыргыз жаранын калыптандыруу аркылуу күч-аракеттерди бириктирүүгө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошууга бардык кызыкдар жактарды чакырабыз!
 
Өнөктөштүктү калыптандыруу жана программаларга жазылуу үчүн байланышуу – 0312 620171, bilim@shailoo.gov.kg

     
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter