У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмү тууралуу үн катты…


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын тергөө абагынан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу “Новые лица” порталына берген маегинде сөз кылды. 

Анын сөзүнө караганда, 2019-жылдын сентябрь айында “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2021-жылы бул ишке Марат Казакпаевдин тиешеси бар экени аныкталган. Саясат талдоочу былтыр апрель айында суракка чакырылып кармалган. Анын иши быйыл 10-мартта тергелип бүтүп Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилген.

Камчыбек Ташиев маркум Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагында жатканда дарыгерлердин кароосунан бир нече жолу өтүп, дары-дармекти убагында алып турганын айтууда. Ал өз сөзүндө:

- Биз аны сактап калуу үчүн бардыгын жасадык. Мен убактылуу кармоо жайына камалгандардын ар бирин оор кабыл алам. Себеби, бул жерде болгом жана шарттар кандай экенин билем. Шарт начар деп айтпайм, бирок бул абалдын өзүндө эле психологиялык жана моралдык басым бар. Эгерде адамдын өзүндө дарты болсо, ал күчөп кетиши мүмкүн. Биз тыкыр көзөмөлдөп, кимдир бирөө ооруп калса, дароо ооруканага жаткырабыз, - деп билдирген. 

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда каза болгон. 

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Оппозициялык саясатчылар Марат Казакпаевдин өлүмүнө азыркы бийлик жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жооптуу экенин жарыялады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter