У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Р.Жээнбеков: "Азыркы бийликтин биринчи саясий курмандыгы Марат Казакпаев болуп эсептелет"


УКМКнын абагынан 9-июнда оор абалда ооруканага түшкөн саясий серепчи, тарых илимдеринин доктору, профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 10-июнда 56 жаш курагында көз жумду. Ага геморрагикалык инсульт деген диагноз коюлган.

Ал бүгүн 12-июнда акыркы сапарга узатылды. Казакпаев менен коштошуу зыйнатына бир катар коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, саясатчылар, эксперттер келип эскеришти.

Саясатчы Жылдыз Жолдошева өз сөзүндө:
- Марат Казакпаев өтө билимдүү, өтө сабырдуу инсан эле. Саясат таануучу эксперт катары ал эч бир бийликтин арыгын чапкан эмес. Мыйзамсыздык анын өмүрүн алды. Биз Маратты коргой алган жокпуз. Коргой албаганым үчүн мен өзүмдү-өзүм жек көрүп турам. Кыргыз эли эч качан коркок, мажүрө болгон эмес. Мараттын өлүмүнө кайдигер биз, экинчи бийлик күнөөлүү. Инилеримди Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду кыйын кезде коргоп келдим. Азыр алар мени укпайт. Кабыл да албайт. Алардын саясатына түшүнбөй калдым. Мараттын өлүмү коомдук комиссия түзүлүп иликтениш керек. Мындай нерсе кайталанбаш керек. Жардам бере албаганыма кечрим сурайм, - деп айтты.  


Равшан Жээнбеков, саясатчы:
- Тилекке каршы, бул жерге бийлик жетекчилери кечирим сурап келиш керек болчу. Алардын бети күйүп келе алышкан жок. Анткени Маратты бийлик өлтүрдү. Оппозициялык кыймыл Мараттын өлүмүн, саясий өлүм деп тааныдык. Азыркы бийликтин биринчи саясий курмандыгы Марат Казакпаев болуп эсептелет. Шейит болду. Маратка убагында медициналык жардам көрсөтүшкөн жок. Мараттын тагдыры унчукпай турган болсок, баарыбызга жетет. Токтоткула, эсиӊерге келгиле деп айтышыбыз милдет, - деп белгиледи.

Эске сала кетсек, мамлекетке чыккынчылык кылган деп былтыр камалган саясат таануучу Марат Казакпаевдин жубайы жолдошу УКМКда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Атайын кызмат муну четке каккан.

Казакпаев эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуяларды талдап, аларга комментарий берип турчу. Анын өлүмү боюнча Кыргызстандагы саясат талдоочулар тийиштүү органдардан тыкыр иликтөөнү талап кылышып 11-июнда билдирүү таратышты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter