У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«СуперТВнын» журналистине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынды

 
«СуперТВнын» журналисттери Жогорку Кеңеште аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу телеканалдын редакциясы 18-майда маалымат каражаттарына билдирди.
 
«СуперТВнын» редакциясы парламенттин мындай чечимин депутат Надира Нарматованын чатагы менен байланыштырууда.
 
Редакциянын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынын чагылдыруу үчүн парламентке барган журналисттерин ЖКга киргизбей койгон. Себеби алар аккредитациядан өткөн журналисттердин тизмесинде жок болуп чыккан. 
 
Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимов “СуперТВ” ЖМКлардын тизмесинен убактылуу чыгарылганын билдирген.
 
Буга парламенттин ашканасы жөнүндө тартылган сюжет жана Надира Нарматова менен болгон пикир келишпестик себеп болгонун, парламенттин басма сөз кызматы «СуперТВ» каналынын журналисттери менен бир пикирге келиши керектигин кошумчалаган. 
 
Эске салсак, өткөн аптада редакциянын журналисттери парламенттин ашканасы тууралуу сюжет даярдап жаткан учурунда Надира Нарматова ачууланып, журналисттин колунан микрофонду тартып алууга аракет кылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter