У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстанда күйүүчү майдан баасы 18 сомго арзан экенин айтты


Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов бүгүн, 9-мартта Биринчи радионун түз эфиринде Кыргызстан эмне үчүн Казакстандан Арзан баада күйүүчү май алып келбей жатканын айтып берди.
 
«Казакстан менен күйүүчү майдын баасынын айырмасы 18 сом экенин элдин баары көрүп жатат. Ал жакта күйүүчү май арзаныраак», - деди ал.
 
К.Эшатовдун айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге кирүүдө республика бардык завод-фабрикаларын модернизациялап, К4, К5 классынан кем эмес экологиялык жактан таза күйүүчү май чыгарабыз деген милдеттенме алган.
 
Россия, Армения жана Беларусь мындай модернизацияны 2015-2016-жылдары дароо жасашкан. Кыргызстан 48 айга кечиктирүүнү суранды.
 
«Биз 2019-жылы импортту токтотушубуз керек болчу, ал эми 2021-жылдын августунда биздин заводдор модернизациядан өтүшү керек болчу. Бул бир катар себептерден улам болгон жок. 2023-жылга чейин заводдорду модернизациялоону кийинкиге жылдырдык. Импорт боюнча күйүүчү майды импорттой албайбыз», - деди ал.
 
Анын айтымында, Казакстанда абал башкача. 2018-жылдын жай айларында алар заводдорун модернизациялоону аяктап, заводдордо өндүрүштүн көлөмү көбөйгөн. 
 
«Бизде Казакстан Республикасынан күйүүчү май алып келүү боюнча өкмөттөр аралык келишим болгон эмес, жер казынасын пайдалануу боюнча комитет сүйлөшүүлөрдү баштады. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул келишимге кол коюла элек. Бүгүнкү күндө Казакстан бизге күйүүчү май сатса, аны экспорттук кошумча салык менен жасайт. Ошондо Россиядан келген күйүүчү майлар бизге кымбат болуп калат. Ошондой эле Казакстанда күйүүчү-майлоочу майларды экспорттоого тыюу салынган”, - деп түшүндүрдү Ассоциациянын жетекчиси.
 
Ал ошондой эле эмне үчүн Казакстанда күйүүчү майдан баасы арзан экенин түшүндүрдү. 
 
«Өкмөт өндүрүш ишканаларын субсидиялайт. Казакстан өз калкы үчүн күйүүчү майды завод баасынан арзан сатат. Нефть иштетүүчү заводдор бул айырманын ордун республика биржада ири көлөмдөгү мунай сатуу менен толтурууда. Жыл сайын Казакстан биржада 90 миллион тонна чийки мунай сатат»-, деп жыйынтыктады К.Эшатов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter