У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Октябрдын ортосунда күйүүчү май кайра кымбаттайт


 Күйүүчү майдын баасы октябрдын ортосуна чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.
 
Анын айтымында, учурдагы сатуу баалары боюнча, жакынкы эки жумада бензиндин баасы болжол менен бир жарым сомго, ал эми дизель майына болжол менен бир сомго кымбатташы күтүлүүдө.
 
Октябрдын экинчи жарымында прогноз азырынча бериле элек. Бул сатуу баасы белгилүү болгондон кийин болот. Ошол эле учурда Канат Эшатов күйүүчү май базарындагы абалды турукташтыруу үчүн нефтетрейдерлер чыгымдарын мүмкүн болушунча азайтышканын белгиледи. 
 
«Дүйнөлүк баалардын өсүү тенденциясы уланууда. Россиянын мунай иштетүүчү эки заводунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда алардын продукциясынын 80 пайызга чейинкиси Борбор Азияга кеткен. Эми биз башка заводдор менен иштейбиз, бирок ал жакта баалар жогору», - деп жыйынтыктады Канат Эшатов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter