У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан мигранттардын медициналык кароодон өтүү эрежелерине байланыштуу Россияга нота жөнөттү


Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
 
Маалыматка ылайык, элчилик Россиядагы жаңы миграциялык эрежелердин алкагында медициналык текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине  мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган. 
 
Эске салсак, кечээ, 17-февралда Россиядагы мигранттар медициналык кароодон өтүү үчүн узун кезекке туруп, алардын саны алты миӊге жеткени айтылган. 
 
2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары медициналык кароодон өтүшү зарыл. Бул кароонун баасы 6 миӊ рубль экени да айтылган. 
 
Учурда Москванын бир катар жерлерине мигранттар үчүн атайын медициналык кароодон өтүүчү жайлар ачылган. Элчилик медициналык текшерүүдөн Москвада 17 мекемеден өтсө болорун эскертүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter