У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талант Мамытов Россияга иш сапар менен барат. Депутаттар мигранттар маселесин көтөрүүнү сунушташты

 
Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.
 
Эл өкүлдөрү андан Россия Федерациясында иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн көтөрүүнү суранышты. 
 
Дастан Бекешев белгилегендей, Россиянын жаңы мыйзамдарына ылайык, мигранттар квартал сайын медициналык кароодон өтүшү керек. Медициналык кароонун баасы 6 миң рублди түзөт, бул Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн чоң сумма.
 
«Азыр миңдеген адамдар медициналык кароодон өтүү үчүн кезекте турушат. Бул маселени президент да көтөрүшү керек. Биз ачык айтышыбыз керек: же мигранттар Россиядан кетиши керек, же ал жактан жарандык алышы керек. Мындай учурда кош жарандуулук маселесин караш керек. Келгиле келишим түзөлү. Бул мыйзамда көптөгөн көйгөйлөр бар. Кичине эле мыйзам бузуу болсо, мигранттарыбыз кара тизмеге киргизилет», - деди ал.
 
Депутат Жанар Акаев Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске салды.
 
«ЕАЭБде бир канча министр, өкүлдөрүбүз айлык алып отурушат. Ошол мыйзамды Мамлекеттик дума карап жатканда "Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тиешеси жок" деп киргизип коюш керек эле. Ушул бир гана сүйлөм менен миңдеген мигранттарыбыздын кабатырлануусуна чекит коймокпуз. Партия лидерлери, мурда Кыргызстанды минтип оңдош керек деп акыл үйрөткөндөр ошол жактан кызмат алгандан кийин оозу жабылып отурушат. Алар ушундай маселени караш керек эле, керек болсо парламентке чакырып сурайлы. Убагында коңгуроо каккан эмес да", — деди Акаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter