У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башы районунун калкы Улан Бакасовду колдошууда…


№33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Улан Бакасов Ат-Башы районун кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. 

Жаш, демилгелүү Улан мырза Ат-Башы районунун Терек-Суу, Калинин, Ача-Кайыңды, Өзгөрүш, Талды-Суу, Биринчи май, Большевик жана Баш-Кайыңды айылдарынын тургундары менен жолугушуп, жылуу баарлашты. 
Өзүн иш менен көрсөткөн, карапайым калкка ар дайым кол сунуп жардамын аябаган Бакасовду эл жакшы колдоого алып, кубаттап, ак баталарын беришти. 
 
Айтмакчы, Бакасов тууралуу Ат-Башыдан чыккан, кыргыз журналистикасынын белдүү өкүлү Тынчтык Алтымышев төмөндөгүлөргө токтолду: 
- Адам саясатчы болуп төрөлбөйт. Эч бир өлкөдө атайын мыйзам чыгаруу же депутаттык боюнча кесиптик билим берүү жок. Саясатка адамдар ар кандай жол менен келет. Классикалык түрдө албетте, инсан жогорку билимге ээ болуп, андан соң өз адистиги боюнча тармакта иштеп, тажрыйба топтоп, ишинде ийгилик жаратып, андан соң кызматтык карьерасы улам жогорулап, кайсы бир тандоого, шайлоого катышып, андан жеңип чыгып мыйзам чыгаруу бутагына келиши керек. Бирок, акыркы мезгилде дүйнө өзгөрдү. Ага жараша саясат да классикалык түрдөн заманбап нукка бурулду. Азыр дүйнөдө креативдүү ойлонгон, прогрессивдүү көз карашы, бизнестеби, тармактагы кыска аралыкта ишинен ийгилик жараткан жаш кадрларды бийлик башына, мамлекеттик маанилүү структураларга шайлоо кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып калды. Көп өнүккөн өлкөлөрдө бийлик башына жаштарды алып келүү мода. 28-30 жаштагы министрлер, депутаттар, керек болсо премьер-министрлер көп...

Айтайын дегеним, Улан Бакасов ийгиликтүү ишкер катары эле эмес, өзү менен өзү дайыма иштеген, күчтүү команда топтой алган, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга карата ар кандай долбоорлорду ишке ашыра алган лидер экенин көрсөтө алды. Медицинадан баштап мечитке чейин, милициядан тарта жол, транспортко чейин аралашып, көйгөйлөрдү ичинен билип, аны өз демилгеси, каржысы менен оңдоого аракет кылганы турмуштук факты.

Бир да күн мамлекеттик кызматта иштебей, менчиктештирүүгө катышпай, мүлк уурдабай, пара албай, өз ишкердиги менен гана эл оозуна алынып, ийгилик жараткан, кыйын кезде элге тирек болгон Улан Бакасов парламентке барса жаман депутат болбойт деген ишенич бар элде.
 
Дегеле, саясатка бизнестен келип, саясатты да ийгиликтүү жүргүзүп, андан аткаруу аткаруу бийлигине, керек болсо өлкө башчылыгына жеткен инсандар дүйнө жүзүндө жүздөп саналат. 

Себеби, алар коомдогу баардык проблемаларды өз башынан өткөрүп, анын чечүүнүн алтернативдүү жолдорун изилдешет. Айрыкча, Кыргызстанда бизнес көрбөгөн кордук аз. Биздин ишкерлер каржылык колдоого алынбайт, жергиликтүү бийликтен жыргатаарлык жеңилдик көрбөйт, тескерисинче, тынымсыз фискалдардын текшерүүсүнөн, логистикалык бюрократиядан, финансылык басымдан өтүп, бышып, чыйралып, иммунитет күтүп, көз алдында болуп жаткан маселелерди оңой жана талапка ылайык чечүүнүн жолдорун иликтеп, изденип жатып, аны ишке ашыруу үчүн бийликке барууга аргасыз болушат. 
Улан Бакасов да ошонтип, "жыргаганынан жылкычы болуптурмунбу дегендей, саясатка батыл аралашып, калктын жашоо турмушу кайрымдуулук кылуу менен эле оңолуп кетпейт турганын, аны чечүү үчүн мамлекеттик ийкемдүү мамиле, мыйзамдык база керектигин билип, саясатка аттанды десек болот. 
Демек, мындай адамдарга биз жарандык укугубузду пайдаланып, шанс беришибиз керек.

КР Жогорку Кенешинин депутаттыгына Талапкер Бакасов Улан Болотбекович буйрутмасы боюнча, 23.11.2021-ж. талапкердин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбековна тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter