У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урмат Самаев, Токмок шаарынын мэри: «Президентибиз Садыр Жапаров мурдагы президенттерге караганда көп иштерди жасап койду»



- Урмат Обозбекович, эмнеден улам Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын өткөрүп берип, мэр болуп келдиңиз?
- Жогорку Кеңеште элге берген убадаларымдын бир тобун аткардым десем болот. Былтыркы шайлоого катышып, 14 миң добуш алдым. Өзүңүздөр жакшы билгендей нааразычылыктардан улам шайлоо жокко чыкты.
Ал эми Токмок шаарына мэр болуп келишинин өз себеби бар. Акыркы кездери Токмок шаарында көптөгөн кемчиликтер орун алды. Шаарыбыз баардык көрсөткүчтөр боюнча артка кетти. Анын баарын көрүп туруп, четте карап тура алган жокмун. Анын үстүнө шаардык кеңешке болгон шайлоо өткөн соң, шайланып келген депутаттар менин мэр болуп келишимди суранышты. Мен макулдугумду бердим.

- Мэр катары ишти эмнеден баштадыңыз?
- Шаарды өнүктүрүү боюнча алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Мэр болгонума бир ай боло элек. Алгач, ишибизди шаардын тазалыгын, тартипти жолго коюп жатабыз. Алдыда инвестиция тартып келүү боюнча пландарыбыз турат. Азыркы кезде эки инвестициялык долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Күн батерияларын чыгарган ишкана, Токмок шаарында чоң эс алуучу паркын ачалы деп турабыз. Жакынкы айларда буюрса ишке ашыра баштайбыз. Негизи баардык маселе каражатка такалат экен. Мэрияга караган ишканалар миллиондогон карызга батыптыр. Эми дээрлик баарын минустан чыгарып, бутунан тургузуу керек.   

- Ошондо канча карызыңар бар экен?
- Бүгүнкү күндө, 8 ай 19 күн менен эсептесек, салык кызматы жергиликтүү бюджетке 26 миллион сомго аз чогултуп планды толтура албай жатат. Бул шаардын бюджети үчүн чоң эле жоготуу. Андан тышкары Жылуулук ишканабыз 40 миллион сом минуста. Токмок суу каналыбыз мурда 3-4 миллион сом кирешеде турса, азыркы кезде 13 миллион сом минуста, мындан тышкары насыя алышкан экен, насыянын проценти, пениясы болуп 24 миллион сом карызга батып калган. Тазалык ишканасы 15 милилон сомго карыз. Ушунун баарын карыздан кутултуп, кирешеге чыгарыш үчүн убакыт талап кылынат. Мен абалдын мынчалык оор экенин билбептирмин. Эч ким маалыматтарды элге ачыкка чыгарышчу эмес экен.

- Демек, сиз атаган ишканалардын жетекчилердин жоопкерчилиги каралдыбы, бул жерде коррупция жокпу?
- Аталган ишканалардын жетекчилери арыздарын жазып иштен кетишти. Коррупция боюнча жалпы маалыматты сураса беребиз, ал боюнча күч органдары иштеш керек. Бүгүнкү күндө президентибиз дагы коррупцияны жоюу талабын коюп жатат. Биз дагы президентибиздин саясатын колдоп, болгон аракетибизди көрөбүз.

- Алдыда Жогорку Кеңештин шайлоосу турат. Шайлоонун таза өтөөрүнө ишенесизби?
- Эми бизде кандай шайлоо болсун нааразычылык болот. Бул жолу деле топтошуп алып бийликке каршы чыккандар болбой койбойт деп ойлойм. Буга чейин 120 орун үчүн күрөш болсо, эми 90 орун үчүн ат салышат. Негизи мыйзамдуулук сакталыш керек. Жыгылган күрөшкө тойбойт болгон көрүнүштөр токтошу кажет. Толкундоолор мамлекетти артка тартат. Алдыга жылыш болбойт.

- Президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
-  Президент болгонуна бир жылга толо элек. Дароо эле баарын бир учурда жасап жибере албайт. Бирок эмне айтып жүрсө, ошол нерселерди кылып жатат. Бул аралыкта мурдагы президенттерге караганда көп иш жасап койду. Алдыда шайлоо тынч өтсө, дагы жакшы иштерди жасайт деп эсептейм.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter