У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков менен Зулпукаровдун жакындары митингге чыкты


Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары 18-июнда Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты. Акциянын катышуучулары депутаттарга каршы саясий куугунтук болуп жатканын айтып, аларды эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

Ушул тапта шаардык сотто Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызы каралууда. Эки депутат 31-майда "Кумтөр иши" боюнча эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков камалган. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter