Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыгышты
- 17.06.2021, 17:00,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 15-июнда чыккан.
Узакбаев менен Баатырбеков Кумтөр кениндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине шектелип кармалып, камакка алынышкан.
Узакбаев 31-майда, Баатырбеков 9-июнда кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.