У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Centerra Gold компаниясы Тенгиз Бөлтүрүккө каршы иш козголгонун жарыялады


     Centerra Gold Inc. компаниясынын мурдагы директорлор кеңешинин мүчөсү, «Кумтөр» ишканасынын учурдагы убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө каршы Онтарио Жогорку сотунда мыйзамдуу иш козголгонун, ага карата «Кумтөр» кенин кыргыз өкмөтү менен бирге басып алды, компаниянын мүчөсү болуп туруп жашыруун маалыматтарды колдонду деген айыптар тагылууда. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.
 
Ал компаниянын купуялуулугун сактоо боюнча милдеттенмелерди бузган жана кыргыз өкмөтү «Кумтөр» кенин басып алуу туурасындагы маалыматты атайын компания жетекчилерине айткан эмес деп айыпталууда.
 
Канаданын жана Кыргызстандын жараны Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылдын декабрь айында Центерранын Директорлор Кеңешине мүчө болуп, 2021-жылдын 17-майында кызматтан кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter