У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-судья Эмилбек Мамытов “кылмыштуу” ишине жооп берчү учур келди...


УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге

Кайрылуу!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
 
Мен Абдурасулов Р.М. Сизге экс-судья Мамытов Эмилбек Насиповичтин Россиянын жараны Куриленко В. Н., Казакстандын жараны Архаров Э.Н. үчөөбүздү “алдап сызга отургузуп” кеткен жоругу боюнча кайрылууга аргасыз болуп жатам. Бул ишке чекит коюу сиздин колдон келээрине ишенем.

 Азыркы кезде экс-судья Мамытовго 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо), анын шериги нотариус Кожомкуловага 235-статья (ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча айып таккан кылмыш ишин Бишкек шаардык Свердлов райондук соту өндүрүшкө алып, соттук процесс жүрүп жатат. 

Сотто менин (Абдурасулов Р.) менен Россиянын жараны Куриленко В. экөөбүздүн «Меридиан-Логистик» компаниябызды экс-судья Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдук тастыктоосунун негизинде кантип тартып алганы, ошондой эле, менин (Абдурасулов), Казакстандык Архаров жана Россиянын жараны Куриленко (бизнестеги өнөктөштөр) болуп Бишкек шаарына салган (ул. Осмонкула 113 менен Никитина 2 дарегиндеги) 4 кабаттуу, ар бири 1 миллион доллар турган эки офистик имараттарыбыздын бирин өзүнө, бирин жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага кандай алдамчылык жолдор менен каттатып алганы териштирилип жатат. 

Айткандай, Мамытов «Оптима Банктан» ОсОО «Транс Мониторинг Азиянын» банк эсебинен 1 110 381 долларды чыгарып кеткени, жана 38 миӊ долларды өзүнүн банктык картасына уурулук жол аркылуу которуп алып, дайынсыз жоготкон. Мындай факты УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы дайындаган көзкарандысыз аудитордук текшерүүдө аныкталган. Сот кандай акыйкат чечим чыгарат, азырынча айтуу оор.  Анткени кылмыш ишин кароого жаңы дайындалган судья Кадыркулованын акыйкат чечим чыгарышына ишенүү кыйын.

Дегенибиз, экс-судья Мамытов жана нотариус Кожомкулованын ишин карап жаткан Свердлов районунун жаӊы дайындалган судьясы Кадыркулова А. ишти атайын созуп жатат. Ал түгүл 5-7–октябрдагы элдик толкундоолордон пайдаланып СИЗО-1 камакта отурган Мамытовду үй камагына чыгарып жиберди. Ал учурда Жогорку Сот соттук иштерди карабай туруу боюнча атайын токтом чыгарган. Кадыркулова ага баш ийген эмес. Кызмат абалынан, ызы-чуудан пайдаланганына караганда, Мамытовду үй камагына чыгаруу бекер болбосо керек. Себеп дегенде, Мамытовдун кылмыш ишин карап жаткан мурдагы судьядан ишти 7-октябрда күтүлбөгөн жерден Кадыркуловага Свердлов районунун сотунун төрагасы Шин Г.А өткөрүп берип жатат. Бул учурда элдик толкундоолор токтобой өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп турган маал эле. Ал эми Кадыркулова болсо иш менен толук таанышып отурбастан, отурум өткөрбөстөн дароо эле №1 СИЗОдо камакта отурган Мамытовду үй камагына чыгарып жиберди. Коррупция жыттанат бекен?

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, биз сизге ушул кайрылууну жазып жатып жаткан учурда судья А.Кадыркулова дагы бир жолу айыпталуучу Мамымтовдун пайдасына чечим чыгарды. Судья А.Кадыркулова кылмыш ишин эч кандай негизсиз соттук-бухгалтердик экспертизага жөнөттү. Баса, буга чейин ушул сыяктуу экспертизалар тиешелүү органдар тарабынан үч жолу, анын ичинде КР УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын демилгеси менен жүргүзүлгөн. Бул факт судья А.Кадыркулованын айыпталуучу Мамытов менен А.Э.Кожомкулованын пайдасына козголгон кылмыш ишинин аягына чыгышына кызыкдар эмес экендигин биротоло тастыктайт. Жогорудагы фактыларга байланыштуу сизден ушул айыпталуучулар тобун, алардын адвокаттарын көзөмөлгө алууну, ошондой эле судья А.К.Кадыркулованын чыгарган чечимдерин текшерүүнү суранам. Ооба, биз сот органдары көз каранды эмес экендигин билебиз, бирок А.Т. Кадыркулова сыяктуу соттор мыйзамсыз чечим чыгарып жаткан учурда башка эмне кылуу керек?

Балким, экс-судья Мамытовдон башка мурда-кийин сот тармагында иштебеген, күч органдарында байланыштары жок жөнөкөй киши болгондо, эчак түрмөнүн төрүндө отурмак. Мындай чуулгандуу окуянын тергөө иштери 3-4 жылга чейин созулмак эместир. Мына бул чулгандуу иш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунан бери созулуп келе жатат. Ал кезде акыйкаттык таппадык. Кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде дагы чындыкка жетпедик. Эми бул иш үчүнчү президент Садыр Жапаров экөөңүздөрдүн учуруңуздарга туура келип жатат. Сиздердей акыйкаттык туу туткан инсандардын убагында экс-судья Мамытовдун кылмыштуу ишине акыйкат баа берилет деген терең ишенимдемин.

Айткандай, дал ушул жерден белгилей кетчү жагдай, айыпталып жаткан Эмилбек Мамытовду сотто коргоп, жактап жаткан адвокаты Котик Н.М өзү да буга чейин “Алдамчылык” боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон экен. Башкача айтканда, 2004-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталган. Кызмат абалынан пайдаланып, бирөөнүн ишинимине кирүү аркылуу мүлкүн ээлеп алуу фактысына байланыштуу соттук териштирүүлөр Бишкек шаарынын сотунда 2013-жылга чейин созулган.

Ал эми экс-судья Мамытов менен кошо Россия Федерациясынын жараны Куриленконун мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алууга байланышкан   кылмыш ишине айыпталып жаткан нотариус Кожомкулова Айгүл дагы, мурда бирөөнүн машинасын, бирөөнүн квартирасын жасалма жол аркылуу башкаларга өткөрүп берген жоругу үчүн “документ жасалмалоо” боюнча алдамчылыкка шектелип, кылмыш иши козголгонун белгилеп коюшубуз керек. Тагыраак айтканда, Кожомкулова 2004-жылы Акматовго таандык батирди сатуу үчүн, Акматовдун макулдугусуз Кенжекараевге ишеним кат берген. Турак-жай үчүнчү жактагы мыйзамдуу ээлеринин макулдугусуз сатылган. Мындан тышкары, 2005-жылы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы № 51-04-396 кылмыш ишинин алкагында Кожомкуловага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып тагылган (кызмат абалынан пайдаланып жасалма документ жасоо). Көрсө, 2003-жылдын 18-августунда  Кожомкулова Россия Федерациясынын жараны Рибинге - Рыбин А. А таандык машинаны ээликтен ажыратуу укугу менен Шабралиевдин атына ишеним кат берген. Унаа мыйзамдуу ээлеринин макулдугусуз үчүнчү жактарга сатылган.  

Мына ушуларды көргөндө бекеринен “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деп айтылбаптыр. Кызыгы, «Ысык-Ата» районунун судьясы Курманов Ашыр Такишевич нотариус Кожомкулованын жолдошу болот. Кожомкулова кылмышке шектелип кылмыш иши козголгондон кийин, жолдошу судья Ашыр Курмановдун карьерасына залакам тийбесин деген максатта документ жүзүндө жалган ажырашып алышкан. Учурда, Курманов жубайын кылмыштан кутултуу үчүн болгон байланыштарын ишке киригизип жатканы жашыруун деле эмес. Айтмакчы, Кожомкулова алгачкы тергөө жүрүп жатканда “менин жолдошум судья” дегенди басым кылып айтып, жазып жүргөн. Кийин эле ажырышкам болуп калды.  

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, экс-судья Эмилбек Мамытовдун төбөсү чыккан кылмыштуу иш сотто акыйкат каралып, мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баасын алууга тийиш. Арийне, бул чуулгандуу окуя тууралуу президентке да кайрылуулар жетип, кабардар болгон.  Андыктан, сот тармагына реалдуу реформа жүргүзүү үчүн, алгач, инвесторлорго көлөкө түшүргөн бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышы абзел деп эсептейм. Бул жерде жабырлануучулар ишкерлер, анын ичинде биздин республиканын жарандары үчүн жумуш орундарын түзгөн Россиянын жана Казакстандын жарандары бар.

Баса белгилей кетчү жагдай, сот экс-судья Мамытовду алдамчылык боюнча Казакстандык «Шынгар Транс» компаниясы Алматы шаардык сотуна берип 30 000 долларга,  дагы бир Казакстандык  «Блюс парк» компаниясы 40 000 долларга жакын доо коюп, утуп алышкан жагдайды эске алса ашыкча болбойт. Ошондой эле, дагы бир Казакстандык «Инком транс» компаниясы 80 000 доллар доо коюп сотко бергенин да белгилеп коюшубуз парз. Дегенибиз, экс-судьянын “көз боёмоочулук” иштери эл аралык деңгээлде экени билинип жатат. Бул компаниялардын өкүлдөрү республиканын укук коргоо органдарына бир нече жолу арыз жазып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө кайрылып, адвокаттар менен иштешти, бирок бул да эч кандай жыйынтык берген жок.   

Ошондой эле, экс-судья Эмилбек Мамытовдун баласы Эмилбеков Мырзабектин үстүнөн да “Кыргыз темир жолу” ишканасына 6 292 842 сом зыян келтирген иш боюнча тергөө иштери 2018- жылдан бери жүрүүдө. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовна бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга шектелүүдө. Ага Бишкек шаардык ИИББ иш козгогон. Айтор, экс-судья Мамытовдун үй-бүлөсү алдмачылыкка шектелгендер. 

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сиз буга дейре соттордун коррупцияга белчесинен батканын бир нече ирээт баса белгилеп, мындан ары мыйзамсыз иш жүргүзгөн соттор жазасыз калбай турганын айттыңыз. Мына мен кеп кылып жаткан иште коррупциялык схема айдан ачык көрүнүп турат десем болот. Башкача айтканда, бул кызмат адамдары тиешелүү билимге ээ болушуп, атайын ыйгарым укуктарга ээ болуп туруп узак убакыттан бери юристтердин тобунан турган уюшкан кылмыштуу топ түзүп келишкен дегенге негиз бар. Андыктан, инвесторлорго көлөкө түшүргөн жогоруда айткан иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышын, экс-судья Эмилбек Мамытов мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баасын алышын өзүңүз көзөмөлгө алышыңызды өтүнөм. 

Абдурасулов Р
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter