У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлбара Калиева тартип комиссиясынын чечими менен макул эмес


 Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндөгү тартип комиссиясынын чечими боюнча пикирин билдирди. Анын билдирүүсүн соттун басма сөз кызматы таратты.
 
Жогорку соттун төрайымы бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт, анткени ал ооруп жаткандыгы боюнча медициналык маалымкат жана маселени карабоону суранган арыз бергенине карабастан, жыйын анын катышуусуз өттү.
 
«Мыйзамда кароо мөөнөтү төрт ай болгонуна карабай, чечимдин шашылыш чыгарылганы түшүнұксүз. Мындай кадамдар мыйзамга кайчы келет», - деп жазылган Калиеванын жообунда.
 
Тартип комиссиясы бүгүн, 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter