У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айбек Касымов, ырчы: «Мамлекеттин сыйын эмнеге кызганмак элем…»


Эски ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаган белгилүү ырчы Айбек Касымов менен баарлаштык. 
 
- Саламатсызбы, сөзүбүздү бүгүнкү күндө социалдык тармактардын бетин бербей жаткан сыйлыктар туурасында баштасак. Сыйлык, наам алгыӊыз келеби?
- Албетте, алгым келет. Чыгармачыл чөйрөдө жүргөн адамдардын баары сыйлыкка, наамга жетишсем деп эмгек кылып келет го деп ойлойм. Өз өнөр жолумда мен дагы чыгармачылыгымдын үзүрүн көрүп, элдимдин колдоосу менен наамга жетсем деп максат кылып келем. Бирок, ар бир сыйлык, наам татыктуу берилсе дейм. Мамлекеттин сыйлыгы менен бирге элимдин сыйы бирдей деӊгээлде болсо, ошондо мен алган сыйлыгыма кубанам жана ал сыйлыктын мага баасы баа жетикис болот. Наам, сыйлык деген өнөр адамдарынын дем-күчү да. Ошол себептен бүгүн сыйлык алгандар кубанычын калыӊ эл менен бөлүшүп жетине албай турушат. 
 
- Сыйлагандардын кимиси татыктуу кимиси татыксыз экенине эл тараза эл сынчы, ошолордун арасынан өзүӊүздүн жок экениӊизге маанайыӊыз түшкөн жокпу?
- Жок, мен ар бир кесиптешимдин ийгилигине кубанам. Наам алып, сыйланып жатса демек ал ошого татыктуу эмгек кылды. Татыктуу болсо алсын. Учурдан пайдаланып сыйлык ээси болгон кесиптештеримди, тааныштарымды чын дилден куттуктайм. Ал эми өзүм туурасында айтсам, учур келет деп коет эмеспи кыргызда. Ошол учур келет. 
 
- Кызгануу, көрө албастык деген сезимдер болот эмеспи, сизде андай сезимдер ойгонгон жокпу?
- Мамлекеттин сыйын эмнеге кызганмак элем. Көрө албастык кылгыдай менин чыгармачылыкта атаандашым деле жок. Атаандашым жок дегеним, эч кимге атаандашпайм, бирөөнү сындабайм, сөз кылбайм. Анан да тоодой эмгек жасап, жашым өтүп наамдан, сыйдан аксап жүрсөм анда көрө албастык жөнүндө сөз кылсак жарашат. Азыр эмне, иштей турган учур. Жогоруда айткандай сааты чыгып, учуру келет. Буюрса, баарына жетишебиз деген жакшы тилектебиз. 
 
- Чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп жүргөнүӊүзгө көп эле жыл болду окшойт, максат кылган ашууну аша алдыӊызбы?
- Чыгармачылыкка негизи 6-классымдан баштап аралашкам. 2010- жылдан баштап билек түрө киришип, ошондон бери чыгармачылыктын казанында кайнап, ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, акырындык менен кыбырап кыр ашып келе жатабыз.  
 
- Ашууга жете элексиз го…
- Чыгармачылыктын туу чокусуна эч ким жетпесе керек, бирок ар бир өнөр адамынын алдына койгон максаты, көздөгөн жеӊиши, ала турган жемиши болот эмеспи. Мен жете турган ашуу алда канча бийикте, азыр ошол максатка жетүү үчүн эмгектенип жатабыз. 
 
- А чыгармачылыктан эмне таптыӊыз?
- Эӊ башкысы жандүйнөнүн тынчтыгын, көӊүлдүн гүлүн, өнөр жолунда өз ордумду таптым. Себеби ар бир адам өзү сүйгөн кесипте гана көӊүлү ачык, маанайы жарык, жандүйнөсү тынч болот. Ырчылык өнөр менин сүйгөн, баалап-барктаган, ардактаган кесибим. Өзүм сүйгөн кесипти аркалаганыма кубанам, сыймыктанам. Мыкты адамдар менен тааныштым, кыйышпас дос күттүм, аларды көрүп, баарлашып, аралашып өстүм, жаӊы ийгиликтерге жеттим. 
 
- Бүгүнкү күндүн дагы бир актуалдуу темасы тойлор туурасында кеп кылсак, тойго барып ырдайсызбы?
- Той -жакшылык. Жакшылыктын жарчысы болгондун эмнеси жаман. Тойго барып ырдаса эле ырчынын кадыры кетет дегенге кошулбайм. Илгертен эле ырчылар, өнөр адамдары жакшылыктарда ырдап, элдин көӊүлүн ачып келген. Тойдо ырдоо бизге жат көрүнүш эмес. Тойго чакырса барам, ырдайм. 
 
- Акыркы учурларда той ырлары көп жазыла баштады. Сиздин д тойго ылайыкталган ырларыӊыз барбы?
- Той ырлары керек. Элдин талабына жараша чыгармалардын жаралып жатканы жакшы көрүнүш. Азыркы той ырлары мазмундуу, сапаттуу чыгып жатат. Бул да болсо эстраданын өсүшүнө салым деп билем. Менин репертуарымда той ырлары жок. Көбүнчө эски ырларды аткарам. Бирок ошого карабай тойго чакырышат. Тойго барганда тойлорго ылайыктуу ыр жаздырып коюш керек окшойт деген ой пайда болот.
 
- Кайсы жанрга жакынсыз?
- Фольклор жанры мени өзүнө тартып турат. Элдик ырларды, элдин ээсинде калган, жүрөгүнөн орун тапкан эски ырларды аткарганды жактырам. Азыр да Таалай Бектургановдун ырларын иштеп чыгып, фольклорго салып ырдап чыгууга даярдыктарды көрүп жатабыз. Кудай буюрса, ал ырларга да жакынкы күндөрү күбө болосуздар. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter