У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктуруп алган 41 медкызматкерге 200 миӊ сомдон компенсация төлөнөт

Кызмат учурунда вирус жуктуруп алган 200 медицина кызматкерине 200 миӊ сомдон компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 
 
Маалыматта: "Биз башында 24 медкызматкердин кызмат учурунда вирус жуктуруп алганын аныктаганбыз, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен аларга дагы 17 кызматкер кошулду. Жалпысынан азырынча 41 медицина кызматкери кызмат учурунда вирус жуктуруп алганы аныкталып, ар бири 200 миӊ сомдон компенсация ала турган болду. Компенсацияны төлөө үчүн, биз такталган тизмени өкмөткө жөнөтөбүз»-деп айтылат. 
 
Өлкө боюнча жалпысынан 669 медкызматкер вирус жуктуруп алганы аныкталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter