У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муктаждардын тамагын тартып жегендер эзели оӊбойсуӊар го…



Карантин учурунда жардамга муктаж болуп, өкмөт тарабынан жардам алып жаткан жарандарга берилип жаткан азык- түлүктүн баасы өз баасынан бир топ кымбат бааланып берилип жатканын Мирбек Үметалиев «Facebookтагы» баракчасына жарыялап, «Рахмат, өкмөткө. Жебеген жердин астында жегиле»,- деп жазды.  

Өкмөт тарабынан элге берилип жаткан азык-түлүктүн баасы асман чапчыйт. Бул деген, колунда жоктордун ырыскысын тартып жеп, жардамга берилген каражатты өөнө деген эле кеп. Башкача айтканда, жардамга берилген азык-түлүктүн баасын өтө жогору баалап, акча жеп жатышканын айкындайт.

Ушул кезге чейин 42 961 адамга азык-түлүк берилиптир, дагы  42 561  адамга жардам берилет экен. Ошондо булар элдин эсебинен миллиондоп акча жеп жатышат. Биз эч нерседен сабак албайт экенбиз. 

Бул жагдайды Өкмөт териштирип элге отчёт берүүсү зарыл. 

Жардамга берилген азык-түлүктүн баасы:   
Өсүмдүк майы 1л- 150 сом                              
Күрүч 1 кг- 199,2 сом                                        
Чай – 130 сом               
Сгущенка -59 сом
Макарон -100 сом
Буурчак-54,4 сом
Ун- 310 сом
Кумшекер-118,9 сом
 Жалпы: 1174, 5 сом

Базар баасы:
Өсүмдүк майы-90-100 сом
Күрүч 1 кг эӊ кымбаты -130 сом
Чай -70-90 сом
Сущенка -50-55 сом
Макарон 1 кг- 45-50 сом
Буурчак-35 сом
Ун 1 кг- 40-50 сом
Кумшекер 1 кг- 35-45 сом
Жалпы: 550 сом эӊ максималдуу эсептегенде. 
 
Мирбек Уметалиев
14 мин. · 
Май 1л 150сом🙀
 Куруч 1кн 199 сом🙀 Рахмат өкмөткө)
 Жебеген жердин астына жегиле.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter