У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кырсыгынан үч адам каза болду. Айдоочу үй камагына чыкты…


26-майда Чоң-Алай районунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болуп, бир адам оор жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. 
 
Жол кырсыгы Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында болгон. Жүк ташуучу унаанын чиркегичинен цеменет жүктөлгөн контейнер каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter унаасына кулап түшкөн. Окуя болгон жерден алты жаштагы А.А. жана төрт жаштагы А.Б. көз жумган. 36 жаштагы Ж.У тез жардам унаасында каза болуп, 29 жаштагы жаран оор жаракат алган.
 
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу чакырылган. Алар каза болгондордун жана жабыркагандардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.
 
Аталган жол кырсыгы РИИБдин КБРнин МЭЖне 02-076-2022-000096 саны менен катталып, тергөөчө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок 7-июндагы сот отурумунда Ош облусунун Чоӊ-Алай райондук соту Б. Эралиев айыпталуучуну үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. 
 
Айдоочунун шалаакылыгынан улам чырактай эки наристе жана 36-жаштагы жаран каза болуп, бир адам оор жаракат алган. Айыпталуучу Калдарбек уулу Чубак транспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактаганда жүктөп келе жаткан контейнер тайып кулап түшүп, «Хундай-Портердин» жүргүнчүлөрүн басып калбайт эле. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу шалаакылык мамилеси үчүн үч адамдын өлүмүнө жооп бериши керек. Чоӊ-Алай райондук соту Б. Эралиев айдоочуну кандай максатта үй камагына чыгарган? Үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү болгон айдоочуну сот жөн эле үй камагына чыгарбаса керек?.. 
 
Жол кырсыгына, адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочулар жазасыз кала берсе, жол кырсыгы азайбай эле көбөйт эмеспи. Бирөөнүн чырактай балдарынын өлүмүнө себепкер болгон оор жүк ташуучу айдоочу мыйзамга ылайык өз жазасын алып, сот жообуна тартылышы зарыл. 
 
Каза болгондордун сөөгү муздай электе күнөөлүү айдоочунун үй камагына чыгышы Кыргызстандагы соттордун адилетсиздигинин далили экенин көрсөтүүдө…



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter