У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"WhatsApp" соцтармагында каржы пирамидасын уюштурган жаран кармалды


Каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, апрель айынын башында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 13 жаран арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, Сонбүбү аттуу аял «WhatApp» соцтармагында тайпа ачып, “Алмаз-Авто”, “Алмаз” жана “Азык-түлүк” топторун түзүп, ал жерде тармактык маркетинг менен алектенген. Акча салууну каалагандар болсо, Сонбүбү аларга 1200 долларга чейин ала тургандыктарын убада кылган.
 
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансылык пирамидаларды уюштуруу») менен КЖБРине катталды.
 
Чүй облусунун ИИБнын жана Сокулук РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1971-жылы туулган А.К.кармалды. 
 
Милиция дагы шектүүнүн иш-аракетттеринен жапа чеккендерди төмөндөгү телефондор аркылуу байланышуусун өтүнөт. Байланыш телефондору: 0 312 60 75 67, 0 3134 5 33 80, 0 509 0980 08, 0 704 04 40 15 же 102.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter