У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 9-кабаттан секирип жанын кыюуга аракет кылган келин куткарылды

 
 
 Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган аялды куткарып калышты.
 
Министрликтин басма сөз кызматы 29-октябрда билдиргендей, Жим көчөсүнүн 1-үйүндө жашаган 1986-жылы туулган аял 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирип, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 кызматкери барышкан.
 
Алар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган келин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында келинди куткарып, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.
 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуяга ОИИБдин инспекторлору да катышты. Окуя болгон жерге келген патрулчулар келин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматкерлердин бири ордунан туруп балконго чыгып, андан соң аялды куткарып калган.
 
Кайгуул-күзөт кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter