У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирлан Жакыпов: Көмүр 10 күндүн ичинде арзандайт


Көмүр 10 күндүн ичинде арзандайт,- деп билдирди бүгүн, 5-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов.
 
Анын айтымында, Бишкекте жана Чүй облусунун райондорунда мониторинг жүргүзүлүп, отун базаларына көмүр аз -аздан бериле баштады.
 
Негизги мониторинг Мурманская көчөсүндөгү жогорку базада жүргүзүлгөн: күнүнө 200 тонна көмүр келип түшүүдө.
 
«Бул башталышы, болгону үч күн өттү, бүгүн төртүнчү күн. Биз муну жыл сайын байкайбыз: Кара-Кечеден көмүр канчалык көп казылса, ошондо Бишкекте да баа төмөндөйт. Бүгүн баа 4,5-5 миң сом, 10 күндүн ичинде баа 4 миң сомго чейин түшөт, андан кийин 3500-3800 сомго чейин түшөт», - деди ал.
 
Ошондой эле М.Жакыпов көмүрдүн тоннасы эмне үчүн 4,5 миң сом экенин түшүндүрдү.
 
«Көмүрдү ташууда ортомчулар бар. Ортомчулар бааларды кымбаттатып жатат. Кара-Кече карьеринде бир тонна көмүрдүн баасы 1330 сомду түзөт, ал эми жүк ташуучу унаалар бир тонна көмүрдү 2000 сомго ташышат. Ошондуктан баасы Бишкекте 3330 сомго жетет, база дагы 200 сом кошот»,- деди ал.
 
Мамлекеттик ишкана Энергетика министрлигинин атынан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ассоциациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар көмүрдү ортомчусуз алып келиши керектигин айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter