У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муунтуп өлтүргөн. Бишкекте 49 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда милицияга Көк-Жар конушундагы жеке үйлөрүнүн биринен киши колдуу болуп каза болгон 40-45 жаштардагы аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташкан. Ал 1972-жылы туулган М.З. экени аныкталган.
 
Бул факты КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында милиция кызматкерлери 30 жаштагы шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
 
Сурак учурунда кармалган адам мас болгонун, маркум менен уруша кетип, аны катуу буюм менен муунтуп өлтүргөнүн айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter