У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды. Шектүүнүн үйүнөн баӊгизат жана куралдар табылган


Баткен районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу 2 -сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 28 -августта саат 07:45 чамасында Лейлек РИИБнин милиция бөлүмүнө адам өлүмү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана РИИБдин жетекчилиги барган. Исфана шаарындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп каза болгон 28 жаштагы М.Мнын сөөгү табылган. Сырткы экспертизанын жүрүшүндө анын бир нече жолу курч буюм менен уруп өлтүрүлгөнү аныкталган.
 
Бул факт Лейлек РИИБде Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
 
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталды. Алардын бири 21 жаштагы Исфана шаарынын тургуну Ш.М. болуп чыкты.  Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда «ТОЗ-8» куралы, 21 огу менен, ошондой эле 20 калибрдеги бир курал, баңгизат, бет кап жана атайын каражаттар табылган.
 
Мындан тышкары, шектүү катары Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу жараны кармалды. Ал буга чейин да адам өлтүрүп кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн.
 
Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter