У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду, бешөө жабыркады


Бишкек-Ош унаа жолунда бир адам кырсыктан каза болуп, бешөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
 
Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында Токтогул районунун аймагында Honda CR-V жана Mercedes Benz Sprinter кагышкан.
 
Жол кырсыгынын кесепетинен 65 жаштагы адам ошол жерден каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
 
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
 
Жабыркагандар райондук ооруканага жаткырылган. Алардын абалы оор деп бааланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter