У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызынын зордукталгандыгын билдирген эне арыз жазуудан баш тартты


 Жайыл районунда мүмкүнчүлүгү чектелген аялдын энеси кызын зордуктаганын билдирген, бирок тергөө учурунда ал арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 8-апрелде Кара-Балта шаарынын тургуну милицияга кайрылып, анын 31 жаштагы кызын белгисиз адам зордуктагандыгын айткан. Факты КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Зордуктоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
 
Белгилүү болгондой, жабырлануучу төрөлгөндөн бери майып, ал психиатрдын каттоосунда турат. Жабырлануучу С.А.нын денесине визуалдык текшерүү учурунда зордук-зомбулуктун же зордуктоонун белгилери табылган эмес. Дайындалган экспертизалардын толук корутундусун күтпөгөн аялдын энеси арыз жазуудан баш тарткан
 
Буга чейин социалдык тармактарда Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургун зордукталды, милиция ишти карабай жатат деген маалымат тараган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter