У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде коронавирус 227 кишиден табылып, 124 бейтап айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 227 кишиден табылып, 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 81;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 90 599га жетти. Анын ичинен 86 152 адам дартты жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 141;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Акыркы 24 саат ичинде төрт киши коронавирустун курмандыгы болду. Бири Чүй облусунун тургуну болсо, үчөө Бишкектин жашоочулары эле. Алардын кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1532ге жетти.
Азыркы тапта 932 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 213ү оор абалда болсо, 33 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Ал эми 1017 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter