У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялы менен кайненесине бир нече жолу бычак сайган адамга соттун чечими чыкты


Токмок шаардык соту аялы менен кайненесине бир нече жолу бычак сайган адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Токмок шаардык сотунан билдиришти.
 
Окуя 2020-жылы 11-октябрда саат 23:30 чамасында Токмок шаарында болгон. Кылмышка шектүү мас абалында аялы жана кайненеси менен урушуп кеткен. Ал ашкана бычагы менен кайненесин башына сайып жиберген. Аялы аны токтотууга аракет кылганда ал бычак менен аялынын башына да бир нече жолу сайган. Аялдардын кыйкырыгын уккан кошунасы алардын үйүнө келгенде, кылмышка шектүү ага баары жайында экенин айткан. Бул учурда анын аялы качып кетүүгө аракет кылган, бирок ал аялын тепкичтен кармап алып, чачынан үйгө сүйрөп кирген да көкүрөк тушка бычак менен сайып жиберген.  
 
Алсырап калган аялы жолдошунан суу алып келүүсүн өтүнгөн. Жолдошу сууга кеткенде аял эшикке качып чыгууга үлгүрүп, жолдо өтүп бара кишилерден жардам сураган. Аялынын качып чыкканын байкаган ал качып кетүүгө аракет кылган. Бирок аны аялы жардам сурап кайрылган кишилер кармап, милицияга өткөрүп берген. 
 
Башына жана көкүрөгүнө бир нече жолу бычак жеген аялы менен кайненеси ооруканага жаткырылып, дарыгерлер аларды сактап калган. 
 
Кылмышка шектүүнүн ишин караган Токмок шаардык соту 6 жылга эркинен ажыратып, 130 миң сом айыппул салган чечим чыгарган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter