У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө…


 Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны бешинчи жумада катары менен өсүүдө, вирустан каза болгондордун көбөйүшү дагы кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу брифингде ДСУнун шашылыш оорулар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхов билдирди.
 
«Акыркы жумада дүйнөдө оорунун жаңы учурлары мурункуга салыштырмалуу 8 пайызга өстү.  Азыр биз ДССУнун беш регионунун төртүндө вирустун өсүшүн көрүп жатабыз. Дүйнөдө бешинчи жумада катары менен өсүш жүрүп жатат»,-деди ал. 
 
Анын айтымында, Европада инфекциянын өсүшү 12 пайызды түзгөн, бул негизинен Британиянын штаммына байланыштуу. Түштүк-Чыгыш Азияда жаңы оорулар 49 пайызга, Батыш Тынч океанында 29 пайызга, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 8 пайызга көбөйгөн.
 
 
«Экинчи толкундан кийинки алты жуманын ичинде ДСУ өлүмдүн азайгандыгын айткан. Бирок, акыркы жумаларда дүйнө жүзү боюнча өлүмдөр кайрадан көбөйө баштады, бул өтө тынчсызданууну жаратууда», -деп кошумчалады Мария. 
 
Эскерте кетсек, 19-мартта Европа Комиссиясы коронавирустун үчүнчү толкуну башталгандыгын расмий жарыялаган. Европа өлкөлөрү карантиндик режимдержи кайра киргизүүдө жана вирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканын айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter