У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз окумуштуусу Асел Сартбаева Улуу Британияда "Жылдын мыкты айымы" деп табылды


Кыргыздын кызы, окумуштуу Асел Сартбаева Британиянын абройлуу FDM Every woman in technology премиясынын ээси болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, ал технология жаатында "Жылдын айымы" номинациясына татыды.
"Сартбаева технология тармагында төңкөрүш жасап гана тим болбостон, глобалдык өнүгүүгө жана биримдикти жайылтууга эбегейсиз таасирин тийгизген феноменалдуу аял. Уюштуруу комитети Сартбаеванын эмгеги дүйнө жүзү боюнча аялдар менен балдардын өмүрүн сактап калат деп ишенет", - деп жазылган билдирүүдө.

2017-жылы Асел Сартбаева баш болгон окумуштуулар тобу вакциналарды тоңдурбай туруп сактоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышканы үчүн химия тармагындагы эл аралык "IChemE Global Awards 2017" сыйлыгын алышкан. Окумуштуулар тобу вакцинаны кремний менен каптоо жолун иштеп чыгып, ушул ыкмада вакцина ар кандай температурага туруштук бере аларын аныкташкан. Мындан улам вакцинаны башка жакка жөнөтүүдө атайын муздаткыч талап кылынбайт. Бул систем иштелип чыга электе вакциналар бөлмө температурасында эле жараксыз абалга келип калганы айтылат. Сартбаева Улуу Британиянын Бат университетинде эмгектенип келет.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter