У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өспүрүм бир туугандар жоголду


Өспүрүм ага-ини дайынсыз болуп жатканын бүгүн, 9-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2004-жылы төрөлгөн Каримжанов Куаныш менен 2003-жылы төрөлгөн Адыл уулу Арген үйүнөн 19-январда саат 20:00 чамасында чыгып кеткен.

Каримжанов Куаныштын бою 155-160 см чамалуу, арык чырай, чачы кара жана кыска, көзү кара. Ошол күнү кара түстөгү баш кийим, кызыл түстөгү куртка, спорттук кара шым, кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Адыл уулу Аргендин бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, көзү кара. Ошол күнү кара баш кийим, жашыл куртка, спорттук ак шым, кара спорттук бут кийим кийип, кара портфель асынып жүргөн.
Өспүрүмдөр тууралуу маалыматы бар жарандар 0(701) 43-03-19, 0(312) 60-79-89, 0(3137) 51-4-02 номурлары аркылуу кабарласа болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter