У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды


 Аламүдүн районунда өз кызын зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, 19 жаштагы жабырлануучу милицияга кайрылып, аны зордуктаган атасына чара көрүүнү суранган.
 
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Зордуктоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
 
 Арыз ээси 1-февралда атасы аны кечки саат беште зордуктаганын айткан. Апасы келгенден кийин, ал баарын айтып, эртеси укук коргоо органдарына кайрылышкан. Кыз биринчи жолу атасы аны 2019-жылы зордуктаганын кошумчалады. 37 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter