У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Жолдошум эркек төрөбөсөң кетирем деп жатат, 4-жолу боюмда бар, ким экенин билгенден корком"


Үч кыздын бактылуу апасымын, дагы боюмда бар. Бирок курсактагы наристемдин ким экенин билгим келбейт, дарыгерлерге да мага айтпай эле койгула, төрөгөндө эле билем деп койгом. Себеби бул жолу да кыз болуп калса жолдошум дароо кетирип салабы деп корком. Анткени үчүнчү кызымдын кыз экенин курсактагы кезинде билээри менен абдан капа болуп, уулум жок томояк өтөт турбаймынбы деп 3 күн ичип, ачуусу менен төртүнчүсү кыз болсо ажырашам деп айткан. Курсактагы кызымды төрөөр төрөгөнчө жээрип, өзүм да ыйлап, абдан кыйналып жатып төрөгөм. 

Кудайга жалынып сурандым, бул жолу нумерологдорго да кайрылып көрдүм. Алардын айтымында эркек төрөлүшү керек деп жатышат. Бирок аларга деле ишене албайм. Ар бир жолу ким экенин билүү үчүн УЗИге барганда жүрөгүм канап, эркек бала эмес экен деп кейип алып кайра кыздарымдан кечирим сурап өзүмдөн өзүм психикалык оорулуу болгону калдым.

Азыр жашым 38де. Уул төрөйм деп улам төрөй  берип жашым да өйдөлөп калды. Ушул ирет эркек төрөп калсам жакшы, болбосо кийин төрөй албай деле калат окшойм. Бара-бара өзүм жакшынакай кыздарымды жээрибейин деген чечимге келип, картайсам кыздарым каралашып тураар, уул болбосо да уулга тете кыздардан болушаар жеп өзүмдү өзүм тарбиялап калдым. Бирок баары бир кичүүсү уул болуп калса экен деп тынчсызданып, санааркай берип боюмдагы баланы да кыйнап жатат окшойм. 

Эгер кыз төрөп калсам кет десе каякка барам? 40 жаштын кырында кантип жашоону кайрадан түптөп, 4 бала менен жаңы жашоо баштайм? Азыр бардыгы кымбаттап, жашоо оорлошуп турганда кимдин үйүнө баш калкалайм? Атамдар болсо келин-уулдун колунда турат, ал жакка 4 бала менен бир күн да батпайм го. Өз алдынча эч нерсе алган эмесмин, үйүм жок, туруктуу ишим жок. Ажырашам десе эмне кылам?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter